Тег мыйзам чыгаруу

Бишкекте “Баңги заттар жана укуктук кесепеттер” деген темада тренинг өттү

Бишкекте Ички иштер министрлиги жана ЕККУ тарабынан уюштурулган баңгизат маселеси боюнча тренинг болуп, студенттер менен адистердин башын бириктирди. Катышуучулар баңгичиликтин көйгөйлөрү, алдын алуу ыкмалары жана укуктук кесепеттери менен таанышты. Баяндамачылар реабилитация боюнча сунуштарын айтып, баңгичиликтин алдын алуу боюнча коомдук пикирди калыптандыруунун маанилүүлүгүн айтышты. Тренинг өлкөдөгү баңгизатка каршы күрөштүн укуктук маалымдуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түздү. Бардык катышуучуларга сертификаттар, ал эми активдүү катышуучуларга белектер берилди.