Тег мыйзам күчүнө кирүү

Президент соттун күчүнө кирүүсүнө чейин кармоо мөөнөтүн өзгөртүүнү бекитти

Президент Садыр Жапаров айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул өзгөртүүлөр КРнын Кылмыш-жаза кодекси, Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси жана башка мыйзамдарга тиешелүү. Жогорку Кенеш тарабынан 2023-жылдын 26-июнунда кабыл алынган мыйзам, Конституциялык соттун 2023-жылдын 29-мартындагы чечимин ишке ашыруу максатында киргизилген. Мыйзамга ылайык, соттун өкүмү күчүнө киргенге чейин кармалган күндөр эки күн катары эсептелет. Ошондой эле, бул нормалар 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.