Тег мыйзамдарды

Билим берүү министрлиги «Сейтек» борборунун директорлук кызматына талапкерлерди кабыл алууда

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунун директорлук кызматына талапкерлерди кабыл алууда. Талапкерлердин жогорку билими, билим берүү мекемелеринде 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, башкаруу жөндөмү жана билим берүү тармагындагы мыйзамдарды билүүсү зарыл. Милдеттерге программаны иштеп чыгуу, команданы башкаруу жана борбордун ишинин сапаты үчүн жоопкерчилик кирет. Арыздар 2024-жылдын 21-ноябрына чейин кабыл алынат.

Соттолгондор балдары менен жолугушуу үчүн абактан чыгып кетүүгө уруксат берилет

Жогорку Кеңештин комитети жаза өтөө шарттарын жакшыртууга жана мыйзамдарды гумандаштырууга багытталган Кылмыш-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Долбоордун алкагында түзөтүү мекемелеринде эксперименталдык режимди киргизүү жана соттолгон ата-энелерге балдары менен жолугуу үчүн барууга мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда. Депутаттар санариптештирүү, жалгыз бой энелерге шарттар жана абактарда психологиялык жардам көрсөтүү маселелерин талкуулашты.

Кыргызстандагы коммерциялык банкка айып пул салынды

Бишкектеги коммерциялык банк, терроризмди каржылого жан кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы мыйзамдарды бузганы үчүн 61 мин сом олчөмүндо айыпка жыгылды. Бул чаралар Финансылык чалгын кызматы тарабынан кабыл алынды.