Тег мыйзамсыз берүү

Манас районундагы автобекеттин 0,28 гектар жери мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Талас облусунун Манас районунда мыйзамсыз түрдө жеке колго өтүп кеткен автобекеттин 0,28 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Облустук прокуратура мыйзам бузууларды аныктап, жерди кайтарып берүү процессин баштаган, азыр кайрадан Талас райондук мамлекеттик ишканасына тиешелүү.

Жалал-Абадда курулушка тыюу салынган жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен

Жалал-Абадда суу коргоо зонасын бузган 26 жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендигин прокуратура аныктады. Бул кыйроо жана суу каптоо коркунучун жаратып, өзгөчө кырдаалга алып келет. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Кесиптик лицейдин директорунун орун басары 39 дипломду мыйзамсыз берген деп шектелүүдө

Бишкекте кесиптик лицейдин директорунун орун басары дипломду жасалмалоо жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Ушул сыяктуу 39 кылмыштын бети ачылган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.