Тег мыйзамсыз курулуш

Арстанбапта селге мамлекеттик кызматкерлер шектелүүдө

Арстанбап айылынын суу коргоо зонасында мыйзамсыз жер берилип, соода объектилерин куруунун натыйжасында сел жүрүп, ири өлчөмдөгү зыян келтирилген. Прокуратура бул окуяга тиешеси бар кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду.

Бишкекте мыйзамсыз курулуштан кулап кеткен жигит каза болду

Бишкекте трагедия болду: жигит мыйзамсыз курулган имараттан кулап каза болду. Курулуштун ээси "Меридиан Констракшн" компаниясы уруксатсыз кошумча кабаттарды тургузган, бул үчүн айып пул төлөп, бузууга соттун чечими чыккан. Объект уруксатсыз деп табылып, компания абийирсиз иштеп чыгуучулардын тизмесине киргизилген.

Ат-Башы токой чарбасынын 1 миллиард сомдон ашык жери мамлекетке өткөн

Ат-Башы районунда уруксатсыз басып алуу фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп, жалпы баасы 1 миллиард сомдон ашык болгон 161 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Губернатордун мурдагы орун басары 2007-жылы жер тилкесин мыйзамсыз алып, ал үчүн айып пул салынган. Ошондой эле уруксаат документтери жок соода объектилерин куруу фактылары да аныкталган.