УИАнын жетекчисинин Италия-Кыргыз ЖЭБ ассоциациясынын президенти менен жолугушуусу
Бишкекте Улуттук инвестиция агенттигинин директору Талантбек Иманов менен Италия-Кыргыз жана Италия-Казакстан соода-өнөр жай палаталарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Энергетика, тоо-кен жана айыл чарба тармактарындагы артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлор талкууланды. Тараптар кызматташууга жана биргелешкен экономикалык демилгелерди ишке ашыруу боюнча Меморандумга кол коюуга макулдашышты.