
ГНС 2025-жылдын он айында салыктарды жана камсыздандыруу төлөмдөрүн жыйноодо пландарын ашып өттү
2025-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик салык кызматы пландарын ашып өтүп, 310,4 миллиард сом салык жана камсыздандыруу жарнасы чогултту. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 73,2 миллиард сомго көбөйүп, 104,3%га жетти. Салык жыйноолорунун өсүшү, салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү жана процессинин санариптештирилиши аркылуу камсыздалды.








