Тег нарк

Бишкектеги Звездочка жеке мектебинин 1,6 миллиард сомдук имаратын мамлекет кайтарып алды

Буга чейин мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен "Звездочка" жеке мектеп комплексинин 1 миллиард 600 миллион сомдук имаратын мамлекет кайтарып алды. Бул Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин социалдык инфраструктуралык объектилерди кайтаруу боюнча жүргүзгөн ишинин аркасында мүмкүн болду. Билим берүү мекемеси мындан ары да ижара келишими менен иштей бермекчи.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 3 миллиард сомдон ашык объектти кайтарып берүү менен мыйзамдуулукту калыбына келтирди

«Араван пахта заводу «Ак-Була» ААКнын мүлк комплекси жана жер тилкеси узак мөөнөткө пайдаланылбай тургандан кийин мамлекетке кайтарылган. Объект 1997-жылы мыйзамсыз түрдө жеке колго өткөн; анын баасы 3 миллиард сомдон ашык.

Раззаковдогу мыйзамсыз менчиктештирилген автобекетти мамлекет кайтарып берди

Баасы 76 миллион сомдон ашык турган шаардык автобекет Раззакового кайтарылды. «Лейлек-Автобекет» ЖЧКсынын акционерлери мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү кайтаруу иш-чараларынын алкагында объектини өз ыктыяры менен мэрияга өткөрүп беришкен.