Ат-Башы районунда электр тармактарын реконструкциялоо иштери аяктады
Баш-Кайынды айылында электр тармактарын реконструкциялоо иштери бүткөрүлүп, жыгач мамылар темир-бетонго алмаштырылып, жаңы линиялар тартылды. Иш 863 абонентти электр менен камсыздоону жакшыртат жана түйүндөрдүн ишенимдүүлүгүн жогорулатат. Тургундар Нарын ТЭСинин сайты же My Light мобилдик тиркемеси аркылуу пландуу оңдоо иштерин көзөмөлдөй алышат.