Тег Нарын электр тармактар ишканасы

Энергетиктер үчүн авариялык абалды жоюу боюнча машыгуулар

Нарын облусунда жергиликтүү электр тармактар ишканасы жана Ат-Башы ГЭСи тарабынан уюштурулган өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү боюнча машыгуулар өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты өзгөчө күз-кыш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарда кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу болгон. «Ак-Кыя» көмөкчордонундагы авария жана гидроагрегаттардын иштен чыгуусу окшоштурулган. Машыгууларда өзгөчө кырдаалдарда иш-аракеттер ийгиликтүү жүргүзүлүп, кызматкерлердин өз ара аракеттенүүсү орнотулду. Келечекте мындай иш-чараларды кеңейтүү пландалууда.