Жыл башынан бери Кыргызстандын соода жүгүртүүсү 10,6 миллиард долларга жетти
Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасы 2024-жылдын январь-августунда 10,6 миллиард долларды түзүп, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9%га өстү. Экспорт 13,1%, импорт 8,1% өстү. ЕАЭБ менен сооданын көлөмү 3,2 млрд долларды түздү, анын басымдуу бөлүгү Орусия жана Казакстандан келген.