Тег негизде

Кыргызстан менен Камбоджанын тышкы иштер министерстволорунун ортосундагы саясий консультациялар ийгиликтуу болду

Бишкекте Кыргызстан менен Камбоджанын экинчи саясий консультациясы өтүп, анда эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде жогорку деңгээлдеги сапарлар жана соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар түрдүү тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришип, эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышты.