Тег нейтралдуулугу

Эдил Байсалов Иньчуань шаарында өтүп жаткан Кытай-Борбор Азия кызматташтыгынын 11-форумуна катышты

Инчуанда өтүп жаткан 11-Кытай-Борбор Азия кызматташтык форумунда Эдил Байсалов жашыл өнүгүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, карызды жашыл экономикага алмаштыруу механизмин сунуштады. Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна умтулуп, Камбар-Ата ГЭС-1 жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууга басым жасоодо.

Мамлекеттик банк «Элдик банк» менен жаңы келишимдин негизинде жашыл кредиттерге жана лизингге каражат бөлөт.

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы лизинг жана жашыл долбоорлорду каржылоо үчүн Элдик банкка 200 миллион сом бөлүүдө. Программа туруктуу өнүгүүнү жана аялдардын ишкердигин колдоо үчүн төмөн пайыздык насыяларды сунуштайт.