Ош менен Германия медициналык билим берүү жана иш менен камсыз кылуу жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү пландоодо
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Германиянын элчиси Габриэла Геллил жана германиялык ишкерлер менен билим берүү, медицина жана маданият тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Ал немис тилин окутуу борборун ачууну жана эки өлкөнүн медициналык мекемелеринин ортосундагы байланышты бекемдөөнү сунуштады.