Тег НЕСК АК

«НЕСК» акционердик коомунун башкы директорунун орун басары коррупциялык иш боюнча кармалды

Бишкекте "НЕСК" ААКтын башкы директорунун орун басары коррупцияга шектелип кармалды. Милиция кызматкерлери тарабынан электр тармактарына тетиктерди сатып алууда лоббирлөө фактылары аныкталган, натыйжада 25 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, баш коргоо чарасы камакка алынган. Ички иштер министрлиги мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүн улантууда.