Тег Ниязбеков

ИИМ башчысы: Мыйзам бузган милиция кызматкерлери катуу жоопкерчиликке тартылат

Ички иштер министри Улан Ниязбеков мыйзам бузган милиция кызматкерлери сөзсүз жоопкерчиликке тартыларын билдирди. Ички иштер министрлиги мыйзамдуулуктун жана жарандардын укук коргоо органдарына ишениминин маанилүүлүгүн белгилеп, камакка алуулар жана тергөө иштери боюнча коомчулукка активдүү маалымат берип келет. Кызматкерлер арасындагы коррупцияны жана кызматтык тартипти бузууларды аныктоого өзгөчө көңүл бурулууда.

Ниязбеков «Кытай – Борбордук Азия» коомдук коопсуздук жана ички иштер министрлеринин жыйынына катышты

Ляньюньган шаарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Кытайдын ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин биринчи жыйыны өтүп, анда эл аралык коопсуздук, экстремизм жана баңги заттарына каршы күрөшүү маселелери талкууланды. Катышуучулар кызматташууну бекемдөө ниетин билдирип, биргелешкен Протоколго кол коюшту.