Тег Ниязбеков

Ички иштер министри коомдук жерде тамеки чеккени үчүн айып пулга тартылды

Бишкекте ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук жайда тамеки чегип, 3 000 сомдук айып пулга тартылды. Бул факт боюнча милиция кызматкерлери мыйзамга ылайык протокол түзүшкөн. Ички иштер министрлиги мыйзам талаптарын бардык жарандар, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлер да, сактоосу керектигин белгиледи.

Улан Ниязбеков: Баары милицияда кызмат кылууну каалашат — бул престиж жана туруктуулук

Бишкекте милиция күнүнө карата ички иштер министри Улан Ниязбеков цифралдык трансформация жана кызматкерлердин социалдык коргоосун жогорулатуу боюнча маалымат берди. Соңку эки жылда жаңы цифралдык модель ишке киргизилген. Милициянын автопарктары жаңыланууда, кызматкерлердин маянасы эки эсеге, Баткен облусунда төрт эсеге жогорулаган.

Жалал-Абадда 10 миңден ашуун милиция кызматкери коопсуздукту камсыздоодо – Ниязбеков

Жалал-Абад шаарында 10 миңден ашуун милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыздоодо. Министр Улан Ниязбеков өлкөнүн жалпы абалы туруктуу экенин жана майрамга даярдыктар көрүлгөнүн билдирди.

Садыр Жапаров Бишкекте №7702 аскер бөлүгүнүн жаңы имаратын ачты

Кыргызстан президенти Садыр Жапаров Бишкекте ИИМдин ички аскерлеринин күнү жана №7702 аскер бөлүгүнүн жаңы имараттарынын ачылыш аземине катышты. Ал жаңы инфраструктура аскерлерге заманбап шарттарды түзөөрүн белгилеп, "Санариптик армия" жана "Санариптик офицер" программаларынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жол эрежелерин бузгандар үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт: 1-сентябрдан тарта жаңы чаралар киргизилет.

1-сентябрдан тартып Кыргызстанда жол эрежелерин одоно бузган айдоочулар үчүн жоопкерчилик чаралары күчөтүлөт. Айдоочуларды кайра экзаменге жиберүү жана жол эрежелерин билүү деңгээлин текшерүү пландалууда.

Талас шаарында милиция аллеясы ачылды

Талас шаарында милиция аллеясынын ачылышы болуп өттү. Бул демилге коомдук тартипти сактоодогу милиция кызматкерлеринин эмгегин даңазалоо жана жаштарды тарбиялоого багытталган.

ИИМ акыркы коңгуроо жана туристтик сезон алдында коопсуздук чараларын күчөтөт.

Бишкек, 21.05.25. ИИМдин борбордук аппаратында өткөн онлайн жыйында мектептерде акыркы коңгуроо учурунда коомдук тартипти камсыздоо жана туристтик сезонго даярдык маселелери талкууланды.

Ысык-Көл облусунда жаңы милиция имараттарынын курулушу башталды.

Түп жана Бостери айылдарында жаңы милиция имараттарынын курулушу башталып, бул ички иштер органдарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган чоң долбоордун бир бөлүгү болуп саналат.