Тег Нобель

Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр гүлдөп, башкалары жакыр бойдон калууда? Буга АКШдан келген Нобель сыйлыгынын лауреаттары жооп табышты.

Экономика боюнча 2024-жылдагы Нобель сыйлыгынын лауреаттары мамлекеттик институттардын мамлекеттердин гүлдөп-өсүшүнө тийгизген таасирин жана байлык деңгээлиндеги айырмачылыктарды изилдеген америкалык окумуштуулар Дарон Асемоглу, Саймон Жонсон жана Жеймс Робинсон болушкан. Алардын иши туруктуу экономикалык өсүш үчүн инклюзивдик институттардын маанилүүлүгүн, ошондой эле колонизация менен заманбап экономикалык системалардын ортосундагы байланышты көрсөтөт.

МикроРНКларды ачкан илимпоздор медицина жана физиология боюнча Нобель сыйлыгын алышты

2024-жылы физиология жана медицина боюнча Нобель сыйлыгы америкалык окумуштуулар Виктор Амброуз менен Гэри Равканга гендердин иштөө механизмдерин жана адам денесиндеги түрдүү кыртыштардын пайда болушун ачып берген микроРНК боюнча изилдөөлөрү үчүн ыйгарылды. Сыйлык алгандар 11 миллион швед кронунун байге фондун бөлүшүп, алардын ачылышы көп клеткалуу организмдердин гендик жөнгө салынышын түшүнүү үчүн маанилүү экенин белгилешти.