Кыргызстанда орточо айлык акы 35 791 сомго жетти
2024-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстанда орточо айлык номиналдык эмгек акы 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,8%га өсүү менен 35 791 сомду түздү. Реалдуу эмгек акы 6,7 процентке жогорулады. Эң көп өсүш соода, курулуш жана тейлөө тармагында байкалган.