Ноокат районунда эки көпүрөнүн курулушу аяктады
Ноокат районунда Ош-Баткен-Раззаков унаа жолуна асфальт төшөө жана эки көпүрө куруу иштери аяктады. Ачылыш жогорку даражалуу аткаминерлердин катышуусунда өтүп, алар өлкөдөгү жол инфраструктурасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.