
Ноокат районунда браконьерлер жазаланды: 8 куропатка алынды
Ош облустук экология жана техникалык көзөмөл кызматкерлери менен NABU уюмунун «Барс» тобунун кызматкерлери биргелешип рейд өткөрдү. Ноокат районунда аңчылык эрежелерин бузган төрт жаран кармалып, 12 миң 500дөн 50 миң сомго чейин айып пул салынды. Ошондой эле, 8 куропатка мыйзамсыз убара кылгандыгы үчүн 16 миң сомдук доо коюлду. Ош шаарында болсо, үй-бүлөлүк таштандыларды мыйзамсыз жайгаштырган жаранга 7 миң 500 сом айып пул салынды.







