Япония менен келишимдерди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлору үч окууда кабыл алынды
Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстанда саламаттыкты сактоону жана аба каттамдарын жакшыртууга багытталган бир нече мыйзам долбоорлорун ратификациялады. Япония Бишкектин медициналык жабдууларын модернизациялоого жана Ош аэропортуна аэронавигациялык мунараны курууга грант бөлөт. Мамлекеттик кызматкерлер үчүн Япониянын университеттеринде окууга мүмкүнчүлүк берүүчү стипендиялык программа да бекитилди.