22-октябрда кыргыз-кытай чек арасында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөөнүн очогу Эркечтам айылынан 8 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кыргызстандын калктуу аймактарында 2,5 баллга чейин термелүү байкалды.
20-октябрда саат 23:44тө кыргыз-тажик чек арасында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Очок Алай кырка тоолорунда, Нура айылынан 29 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кыргызстандын калктуу аймактарында 3,5 баллга чейин күчү сезилди.
Ош облусунда 8-августта, 13:12де магнитудасы 4 болгон жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Алай районундагы Бор-Дөбө айылында 3 балл күчүндө сезилди. Нура айылынан 45 км түштүк-батышта, Ош шаарынан 140 км түштүктө 2 балл болуп сезилди. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок.