Тег Нурбек Абдиев

Араван районунда райондук милиция жетекчилерине жаза берилди

7-августта Араван районунда мамлекеттик органдар менен жергиликтүү тургундардын жолугушуусу болду. Жолугушууда тургундар райондук милициянын ишине нааразычылыктарын билдиришти. Иш-чаранын жыйынтыгында, ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев райондук милициянын жетекчилерине чара көрдү. Бегали Молдоев кызматынан бошотулду, ал эми Улубек Батыровго катуу эскертүү берилди. Мирлан Ниязалиевдин жоопкерчилиги анын жумушка кайтып келгенден кийин каралат.