Нурислам

Караколдо ири мебель фабрикасы курулууда

Караколдо «Нурислам Эмерек» мебель фабрикасынын жаңы өндүрүш корпусунун курулушу башталды. Бул долбоор, ишкер Акылбек Омургазы уулунун жетекчилиги менен, өндүрүштү кеңейтүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү максатында ишке ашырылууда. 2025-жылы Фондго кайрылып, 45 миллион сомдук пайызсыз финансылык жардам алынды. Курулуш аяктагандан кийин фабрика заманбап шарттарга ээ болуп, продукциянын көлөмүн көбөйтүп, жергиликтүү бюджетке кошумча киреше алып келмекчи.

Кыргызстандык окуучулар Италиядагы информатика олимпиадасында экинчи орунду алышты

Кыргызстандык команда Италияда өткөн Балкан информатика олимпиадасында 2 алтын жана 2 коло медаль утуп, тарыхый жыйынтык көрсөттү. Команда экинчи орунду ээлеп, Алихан Айдарбеков мыкты үчтүккө кирди.

Келечектеги чемпиондор: Кыргызстандын жаш күрөшчүлөрү Афинада өздөрүн ишенимдүү көрсөтүштү

Кыргызстандын кадеттер курама командасы Афинада өткөн дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча төрт медаль утуп алды. Альхам Абдирасулов 55 кг салмак категориясында алтын медаль тагынды. Нуркерим Кумарбеков жана Амангелди Ысакбаев күмүш медаль, Нурислам Осконбаев коло медаль утушту. Тренер Дастан Муктаров спортчуларды дүйнөлүк аренада Кыргызстандын атын чыгарууга шыктандырат.

Кыргызстандык балбандар Грецияда өтө турган U-17 дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын кадеттер курамы Грецияда өтө турган спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатына катышат. Мелдеш 28-июлдан 3-августка чейин өтүп, кыргызстандык спортчулар греко-рим, аялдар жана эркин күрөш боюнча күч сынашат.

Кыргызстандык спортчу АКШдагы «The 2025 Chicago Spring Games» турниринде алтын медаль утту

Кыргызстандык Нурислам Жоромырзаев АКШда өткөн «The 2025 Chicago spring games» турниринде грэпплинг боюнча алтын медаль жеңип алды. Ал 90 кг салмак категориясында жеңишке жетишип, финалда Пакистандык атаандашын 8:0 эсебинде утуп, чемпион болду.