
Токмокто Камчыбек Ташиевге кайрылган балдардын өтүнүчү менен футбол талаасы ачылды.
Токмок шаарында 3-микрорайондо мини-футбол аянтынын капиталдык оңдоодон кийин ачылышы болуп өттү. Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен заманбап жабдуулар орнотулуп, аймак жашылдандырылды. Ачылышта балдарга топ жана спорттук форма белекке берилди.








