Тег обороту

Атбашы соода-логистикалык борбору Кытай менен чек арадан 100 чакырым алыстыкта курулуп жатат – фото

Кыргызстандын Ат-Башы районунда Кытай менен Европанын ортосундагы сооданын маанилүү түйүнүнө айлана турган Атбашы эл аралык соода-логистикалык борбору курулууда. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө негизделген долбоор бизнес үчүн жеңилдетилген шарттарды жана ар кандай кызматтарды, анын ичинде кампа жана логистиканы сунуштайт. Аталган борбор жүк жүгүртүүнү бир топ жогорулатып, заманбап инфраструктураны түзүп, аймактын экономикасынын өнүгүшүнө салым кошоору күтүлүүдө.