
«Бишкекте «Элдин куракка жетиши: чакырыктар жана келечек» аттуу аналитикалык обзордун презентациясы өттү»
Бишкекте 31-октябрда «Кыргызстанда калктын карылыгы: чакырыктар жана келечек» аттуу аналитикалык обзордун презентациясы өттү. 2022-жылкы калкты эсепке алуу материалдарына таянып даярдалган документ, калктын саны, түзүлүшү жана жашоо деңгээли тууралуу актуалдуу маалыматтарды камтыйт. Кыргызстан жакынкы жылдарда калктын карылыгынын тездетилген процесси менен бетме-бет келет, 2030-жылга карата 65 жаштан жогорку адамдардын үлүшү 7% жетет. Бул демографикалык өзгөрүүлөр мамлекеттик саясат үчүн жаңы чакырыктарды жаратат.



