Бишкек, 28.02.25. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирандын эл аралык иштер жана регионалдык кызматташтык боюнча вице-президентинин орун басары Али Наджафи Хошруди менен жолугушту. Жолугушууда саясий диалогдун жогорку деңгээли жана эки тараптуу мамилелердин туруктуу өнүгүүсү белгиленип, кызматташууну тереңдетүү ниети айтылды. Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүүгө, товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана транспорт, айыл чарба, туризм сыяктуу тармактарда байланыштарды бекемдөөгө умтулушту. Ошондой эле эл аралык маселелер боюнча пикир алышуу болуп, көп тараптуу уюмдар менен кызматташтыкты улантууга даярдык тастыкталды.