округу

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо: Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар онлайн добуш бере алышат.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо чет өлкөдө жүргөн жарандар үчүн аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү бар экенин маалымдайт.

Кыргызстанда аралыктан добуш берүү: онлайн шайлоо эмес, жаңы идентификация формасы

Кыргызстанда алгачкы жолу аралыктан добуш берүү системасы расмий түрдө киргизилүүдө. Бул электрондук добуш берүү эмес, шайлоочуларды онлайн-идентификациялоо технологиясы, бул жарандарга кайсы болбосун аймактан же чет өлкөдөн өз округу үчүн добуш берүүгө мүмкүндүк берет.

Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин депутаты болууга өз алдынча талапкерлигин койду

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Эльвира Жыргалбековна Сурабалдиева 30-ноябрда 2025-жылы өтө турган мөөнөтүнөн мурда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого №23 шайлоо округунан талапкерлигин койду.

Чүй облусунда балдардын укуктары жана коопсуздугу боюнча куурчак спектаклдери жана форум-театрлар өткөрүлдү

Нижне-Чуй айылында балдардын укуктарын коргоо боюнча интерактивдүү иш-чаралар өткөрүлүп, мектеп окуучулары кукольный спектакль жана форум-театр аркылуу көйгөйлөрдү талкуулашты. Бул демилге балдардын коопсуздугун камсыздоо жана зомбулукка каршы турууга багытталган.

Кара-Суу фермерлери Түркия, Кытай жана Россияга пахта экспорттоодо

Ала-Тоо айыл аймагында өткөн талаа күнү фермерлерди пахта кластеринин ишмердүүлүгү менен тааныштырып, түшүмдүүлүк жана экспорт маселелерин талкуулашты. Пахта түшүмү 3,5–4 т/га деп болжолдонууда, ал эми пахта буласынын баасы 1600–1700 долларды түзөт.

Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү: Орусиялык туроператорлорго Бишкек жана Ысык-Көл көрсөтүлүүдө.

Кыргызстанда 7-12-апрелде Свердловск, Тюмень жана Челябинск облустарынын туроператорлору үчүн инфо-тур өтүп жатат. Бул иш-чара Кыргызстан менен Урал федералдык округунун туристтик байланыштарын бекемдөө жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн Россия рыногуна жайылтуу максатын көздөйт. Турдун алкагында катышуучулар Бишкек, Ысык-Көлдүн түндүк жана түштүк жээктерин көрүп, туристтик инфраструктура, мейманканалар жана активдүү эс алуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышат.

Бишкекте Ыр жана Бий Ансамблинин концерти өтөт

Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинде Россиянын Коргоо министрлигинин Ансамбли Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган концерт берет. Программада патриоттук жана элдик ырлар, классикалык чыгармалар бар. Кирүү акысыз.