
Нью-Йоркто Кыргызстандын жана Руанданын тышкы иштер министрлери жолугушту.
Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. БУУнун 80-сессиясынын алкагында Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Руанданын ТИМ башчысы Оливье Ндухунгирехе менен жолугушуп, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты талкуулашты, августтагы саясий консультациялардын ийгилигин белгилеп, БУУнун алкагындагы кызматташууну өнүктүрүүгө көңүл бурушту.



