Тег Ооганстан

Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Кыргызстан Ооганстанга 120 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Жүк өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевдин жетекчилиги астында уюштурулуп, 28-сентябрда жеткирилген. Президент Садыр Жапаров буга чейин эл аралык коомчулукту ооган элин колдоого чакырган.

Бишкекте климаттын өзгөрүшүнө арналган ири жаштар конференциясы өтөт

2024-жылдын 5-6-сентябрында Бишкекте Борбордук Азиядагы жана Ооганстандагы климаттын өзгөрүшү боюнча жаштардын жана балдардын аймактык конференциясы өтөт. 200дөн ашык адам катышып, балдар менен жаштарга таасирин тийгизген климаттык чакырыктар менен күрөшүү боюнча демилгелерди талкуулашары күтүлүүдө. Конференция Бакудагы Бүткүл дүйнөлүк жаштар конференциясында сунуштала турган сунуштарды жана билдирүүлөрдү иштеп чыгуу үчүн аянтча болот.