Тег оорулардын алдын алуу

Алымкадыр Бейшеналиев: Республикада 5500 медицина кызматкери жетишсиз болууда

Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” тобу калктын сапаттуу дары-дармектерге жана медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн талкуулады. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутаттардын дары-дармектердин жетишсиздиги, санариптештирүү, ооруканалардын абалы жана медициналык кадрлар менен камсыздоо боюнча суроолоруна жооп берди. Депутаттар каржылоо, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жоопкерчилиги жана оорулардын алдын алуу боюнча орчундуу маселелерди көтөрүштү.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүү боюнча БУУнун сыйлыгы ыйгарылды

Кыргызстан жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөштө көрсөткөн аракети үчүн БУУнун Жумушчу тобунан абройлуу сыйлык алды. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында тапшырылган сыйлык секторлор аралык кызматташуунун жана калктын ден соолугун чыңдоого комплекстүү мамиленин маанилүүлүгүн баса белгилейт. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги ЖПОнун жүгүн азайтуу жана Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүү үчүн эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну улантат.