Нарын облусунун Кочкор районунда санитардык бөлүмдүн башчысы дүкөн ээлеринен акча талап кылган фактыларды прокуратура аныктады. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, келтирилген зыянды тактоо жана башка катышуучуларды жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Жалал-Абад облусунда жарандардан системалуу түрдө акча талап кылган Эмгек башкармалыгынын кызматкери кармалды. Ал социалдык жөлөкпулдарды төлөөнү тездетүү үчүн кедейлерден пара талап кылганы аныкталган. Аталган фактыга департаменттин жетекчилигинин катыштыгы бар-жоктугун текшерүү иштери жүрүп жатат.
Ноокат районунун прокурорунун орун басарлары С.Э. 4 мин доллар олчомдогу параны талап кылгандыгы учун кармалды. Ал ишкерге кысым көрсөтүп, мыйзамдуу чечимдерди кабыл алууга тосколдук кылган. УКМК тарабынан операцияга анын унасынан жана иш болмосунон 3,5 мин доллар табылган. Учурдагы СИЗОнун С.Э.