Тег опузалап алуу

Жасалма акча жасаган адамды уурдоого шектелген жаран бир жылдан кийин кармалды

Бишкекте бир жылдан бери соттон жашырынып жүргөн адам уурдоого шектүү кармалды. Ал шериктери менен жасалма акча жасаган адамдын 20 миң долларын тапанча менен уурдап кетүүнү пландаган. Кылмыштуу топ мурда жарым-жартылай кармалып, Тажикстанга качып кеткен негизги уюштуруучу Кыргызстанга депортацияланып, аэропорттон кармалган.

Жалал-Абадда дайыма акча талап кылган райондук оорукананын бөлүм башчысы кармалды

Жалал-Абад облусунда оорукчандыгы тууралуу маалымкаттарды берүү жана майыптык алууну тездетүү үчүн системалуу түрдө акча талап кылган деп шектелип, жалпы дарыгерлик практика борборунун бөлүм башчысы кармалды. Пара алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Cyborg каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды – КР МУКК

Бишкекте криминалдык авторитет менен байланышы бар, опузалап акча талап кылган деп айыпталган “Киборг” каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Аны кармоо учурунда жанынан травматикалык тапанча табылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.