
Кыргызстандык продукция Кытайдагы айыл чарба көргөзмөсүндө кызыгуу жаратты
Кыргызстандын айыл чарба продукциясы, анын ичинде бал, кургатылган жемиштер, жаңгактар жана башка таттуулар Кытайда өткөн жогорку технологиялык айыл чарба жарманкесинде көрсөтүлдү. Бул иш-чара Кыргызстандын экспорттук потенциалын көрсөтүүгө жана Кытай менен кызматташтыкты чыңдоого мүмкүнчүлүк берди.