Тег Organic

Кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн продукциялары Алматы жана Астанадагы супермаркеттерде сатылат

INTERFOOD супермаркеттер тармагы кыргызстандык өндүрүүчүлөр, анын ичинде Shoro жана Attila Organic Foods менен келишим түзүүнү пландаштырууда. Алматыдагы жолугушууда продукциянын сапаты жана жеткирүү көлөмү талкууланып, узак мөөнөттүү кызматташуу ниетин ырастады.

Бишкекте “Органикалык ЭКСПО 2024” Борбор Азия форуму башталды

Бишкекте 10 өлкөдөн 200дөн ашык эксперттин башын бириктирген үч күндүк “Органикалык ЭКСПО 2024” форуму башталды. Катышуучулар туруктуу экономиканын негизги элементи катары органикалык айыл чарбаны өнүктүрүүнү жана Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү талкуулашат. Өкмөт дыйкандарды жана органикалык өндүрүштү колдоо менен органикалык жер аянтын 200 000 гектарга чейин көбөйтүүнү пландаштырууда.