Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун, анын ичинде ипотекалык үйлөрдүн жана мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Ал жаңы мектептин пайдубалы бүткөрүлгөнүн белгилеп, арзан турак-жай жана окуучулардын коопсуздугу маанилүү экенин белгиледи.