
Президент Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барат.
Президент Садыр Жапаров 29-30-августта Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барып, көз карандысыздык күнүнө карата социалдык жана өнөр жай объекттерин ачат. 30-августта Жалал-Абадда президенттин өкүлчүлүгүнүн жаңы имараты салтанаттуу ачылат.








