Тег Оштогу

Ош шаарында Балдар жана үй-бүлө реабилитациялоо борбору оңдолууда

Ош шаарындагы Балдар жана үй-бүлө реабилитациялоо борборунда капиталдык ремонт жүрүп жатат: чатыр жаңыртылды, фасад боёлду, терезе жана эшиктер алмаштырылууда. Ошондой эле, балдар аянтчасы жана жаңы дарбаза орнотулууда.

Алдыдагы шайлоодо шайлоочулар каалаган шаарда добуш бере алышат.

Мамлекеттик "Кызмат" мекемеси БШК менен кызматташып, шайлоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында шайлоо учурунда ар кайсы участкаларда добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Ош шаарында мыйзамсыз кальян тамекиси табылды

Бишкек, 04.09.25 /Кабар/. Ош шаарында рейддик салыктык көзөмөл учурунда Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз кальян тамекиси табылды. Абдыкадыров көчөсүндөгү соода түйүндөрүнүн биринде акциздик маркасы жана коштоочу документтери жок 346 даана тамеки табылып, баасы 197 миң 650 сомду түздү. Продукция алынган жана тиешелүү актылар түзүлгөн. Юридикалык баа берүү үчүн материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Ош шаарындагы ИИМдин атайын полкунун №3 батальонуна кызматтык автоунаа тапшырылды жана имараттын айланасы асфальтталды

Ош шаарындагы №3 спецполкко кызматтык унаа берилип, имараттын айланасы асфальтталды. Бул батальон 2014-жылы түзүлгөн жана шаардагы коомдук коопсуздукту камсыздайт.

Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынан 13 миңден ашуун студент чыгарылды

Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардан 13 миңден ашуун студенттер академиялык жетишсиздик же сабакка катышпагандыгы үчүн чыгарылды. Учурда тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралууда.

Ошто заманбап эс алуу паркы ачылат

Ош шаарында заманбап эс алуу паркы курулууда. Мэр Жеңишбек Токторбаев долбоорду өз убагында жана сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды. Жаңы скверде үч кабаттуу унаа токтотуучу жай, мини-футбол аянтчасы, санитардык түйүндөр жана кафе курулат. Жекелик дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз ээлеп алынган жерлер бошотулат.

Ош шаарында мыйзамсыз бөдөнө соодасына каршы рейд өткөрүлдү

Ош шаарында мыйзамсыз жапайы канаттуулар соодасын токтотуу боюнча рейд учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталды. 36 канаттуулар табиятка кое берилди, ал эми мыйзам бузгандарга 10 000 сом айып салынды.