Госсекретарь Суйунбек Касмамбетов провел открытый урок для ста школ
Бүгүн, 2-сентябрда, өлкөнүн бардык мектептеринде жаңы окуу жылы башталды. Бишкектеги №69 мектепте мамлекеттик катчы Суйунбек Касмамбетов "Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн аталары" темасында ачык сабак өткөрдү. Окуу иш-чарасына билим берүү министри Догдуркул Кендирбаева, мугалимдер жана окуучулар катышты. Сабактын максаты - билим берүү тармагына чоң салым кошкон улуулар тууралуу айтып берүү, окуунун маанисин түшүндүрүү жана Кыргыз Республикасынын тарыхы менен азыркы өнүгүүсү боюнча жарандык позицияны калыптандыруу.