
Маданият министринин орун басары Ала-Бука районундагы маданий объекттер менен таанышты.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Гульбара Абдыкалыкова Ала-Бука районундагы маданият объекттеринин абалы менен таанышып, жаңы музей имаратынын курулушун жана маданият үйүндөгү оңдоо иштерин көрдү.