Өзбекстанда парламенттин мыйзам чыгаруу палатасына шайлоо башталды. Депутаттар биринчи жолу аралаш үлгү менен шайланат: бир мандаттуу округдардан 75, партиялык тизме боюнча 75 депутат. 20 миллионго жакын шайлоочу добуш бере алат, шайлоого 70 миң байкоочу көз салууда.
Бишкекте Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын 65 жылдык мааракеси белгиленди. Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев аталган уюм көргөзмөлөрдү жана бизнес-турларды уюштуруу менен ишкерлерди колдоо жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Беларуста президенттик шайлоо 2025-жылдын 26-январына белгиленген. Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт иштерин баштоого даяр. Учурдагы президент Александр Лукашенко шайлоого катышарын ырастады.