
Паратриатлон боюнча дүйнө чемпиону Жалалдин Абдувалиевке жарым миллион сомдук сертификат тапшырылды.
Бишкек, 15.07.25 /Кабар/. Эдиль Байсалов паралимпиада чемпиону Жалалдин Абдувалиев менен жолугуп, паратриатлон боюнча дүйнө чемпиону болгонун куттуктады. Ал спортчуга жана анын машыктыруучуларына акчалай сертификаттарды тапшырды, параспортту өнүктүрүүгө көңүл бөлгөнү үчүн ыраазычылык билдирди.
