
Ош шаарындагы Алишер Навоинин паркы 20-апрелге чейин ачылат
Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы паркты 20-апрелге чейин кайра куруу иштери аяктайт. Мэриянын маалыматына ылайык, парктын аймагындагы эски соода дүкөндөрү алынып, азыркы учурда заманбап объектилердин курулушу жана айлананы көрктөндүрүү иштерине көңүл бурулууда. Шаар башчысы бардык иштерди белгиленген мөөнөттө жана жогорку сапатта аяктоону тапшырды, ошентип жаңыланган парк Ош шаарынын тургундарына жана конокторуна ачылат.








