Казакстандын Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Кыргызстандагы “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барып, 1916-жылы курман болгондордун мемориалына гүлчамбар коюп, Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине таазим кылды.
Жогорку Кеңештин депутаттары кумар оюндары боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен оюн ишканаларына мамлекеттик жана муниципалдык кыймылсыз мүлк менен иштөөгө уруксат берүүчү мыйзам долбоорун кабыл алышты. Бул инвестиция тартууга, жумуш орундарын түзүүгө жана бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө багытталган.
Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин колдоп, ага 78 депутаттын 75и “макул” деп добуш беришти. Бул кызматка дайындоо боюнча сунушту президенттин туруктуу өкүлү киргизген.
Жогорку Кеңеште фракциялардын жыйыны өтүп, анда 2025-2027-жылдарга республикалык бюджеттин долбоору талкууланды. Каржы министринин орун басары бюджеттин киреше, чыгаша жана профицитти камтыган негизги параметрлери менен тааныштырды. Депутаттар дотацияланган аймактар, минималдуу айлык акы жана социалдык объектилерди каржылоо, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагын колдоо боюнча суроолорду беришти. Мыйзам долбоору депутаттардын сунуштарын эске алуу менен колдоо тапты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркмөнстанга расмий иш сапары менен барып, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Корея Республикасынын парламент башчыларынын жыйынына катышууда. Сапардын алкагында кыргыз-түркмөн кызматташтыгын өнүктүрүү жана парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт.
Депутат Талайбек Масабиров 2024-жылдын 27-октябрында өтө турган Өзбекстандын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасына шайлоого КМШ ПААнын эл аралык байкоочулар тобунун координатору болуп дайындалды. Топтун курамына КМШ ПААга мүчө-өлкөлөрдүн парламенттеринин өкүлдөрү жана демократияга мониторинг жүргүзүүчү эксперттер кирди.
Бишкекте Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө зор салым кошкон белгилүү мамлекеттик ишмер, депутат Бегиш Аматов 76 жашында каза болду. Ал “легендарлуу парламенттин” активдүү катышуучусу жана Эгемендүүлүк декларациясынын демилгечиси болгон.
Жогорку Кеңештин жыйынында маянаны накталай эмес төлөмгө өткөрүү, мопеддерди жөнгө салуу, эттин баасынын көтөрүлүшү жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо сыяктуу маанилүү социалдык-экономикалык маселелер каралды. Ошондой эле депутаттар газдаштыруу темасын көтөрүп, чоң аймактарда МАИ кызматкерлеринин жоктугун айтышты.
Жогорку Кеңештин депутаттары “Элдик курултай жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча конституциялык мыйзам долбоорун четке какты. Демилгечи Элдик Курултай болуп, бул институттун уюштуруу жана ишмердүүлүгүн тактоо, ошондой эле укуктук карама-каршылыктарды жоюу жана тексттик формулировкаларды өркүндөтүү аракети болгон.
22-сентябрда Кыргызстанда No13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат. Шайлоочулар саат 08:00дөн 20:00гө чейин 81 шайлоо тилкесинде добуш бере алышат. Шайлоого 7 талапкер ат салышууда жана шайлоочулардын саны 2021-жылга салыштырмалуу 11,59% көбөйгөн.