Тег парламенттик демилгелер

Депутат Балыкчыны мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун урматына атын берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кызыл-Кыя шаарынын тургундарын суу менен камсыз кылуу, билим берүү мекемелеринин абалы жана ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо сыяктуу бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулашты. Ноокендеги автобекетти көчүрүү, мектептердин курулушун аяктоо жана өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы инфраструктураны жакшыртуу темалары көтөрүлдү. Депутаттар мыйзам чыгаруу бутагынын функцияларын калкка жеткирүү жана 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө даярдык көрүү зарылдыгына басым жасады.