
«Учкун» 2,4 миллиард сомдон ашуун киреше тапты — министрлер кабинетинин башчысы ишкананы зыярат кылды
Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Премьер-министр Адылбек Касымалиев «Учкун» ААКнын ишмердүүлүгү менен таанышты. Учурда мекеме окуу китептерин, ID-карталарды, паспортторду жана башка продукцияларды чыгарып, өндүрүштүк линияларын модернизациялады. Январь-сентябрь 2025 жылдары 2,461 млрд сом таза киреше алды.








