Кыргызстанда 9 айда 68 бала жол кырсыгынан каза болду
2024-жылдын 9 айында Кыргызстанда балдардын катышуусунда 1303 жол кырсыгы катталып, былтыркыга салыштырмалуу 61 учурга азайган. 68 бала каза болуп, 1520 бала жаракат алган. Бийлик патрулдарды күчөтүп, жол коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.