Кыргызстанда койлордун жаңы “Ала-Тоо” породасы түзүлдү
ОшМУда жергиликтүү койлордон жана гиссар кочкорлорунан алынган “Ала-Тоо” жаңы породасындагы койлорду жасалма жол менен уруктандыруу иштери ийгиликтүү жүргүзүлдү. Порода эт жана май тармагында жогорку наркы жана келечеги бар. ДНК, сүт жана эт боюнча изилдөөлөр жүрүп, патент алууга даярдыктар көрүлүүдө. Студенттерге жана фермерлерге көбөйтүүнүн биотехнологиясы боюнча тренингдер өткөрүлдү.